Домой Жаңылыктар Милиция майрам күнү жарандардын коопсуздугун камсыздайт

Милиция майрам күнү жарандардын коопсуздугун камсыздайт

14
2022-жылдын 26-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин жетекчилиги тарабынан өздүк курамга саптык тескемеси өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун урматына Бишкек шаарында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.
Буга байланыштуу, «Ала-Тоо» аянтында жана «Спартак» стадионунда өткөрүлө турган иш-чараларда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашат.
Ошондой эле, ИИБдин жетекчилиги тарабынан өздүк курамдын алдына иш-чара учурунда коомдук тартипти, шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу боюнча сапаттуу кызмат өтөө тапшырмалары коюлду.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБ басма сөз кызматы