Домой Жаңылыктар “Башына пакет кийгизип”: Экс-депутаттын баласы күйөмдү сабап, ал комага түшүп калган

“Башына пакет кийгизип”: Экс-депутаттын баласы күйөмдү сабап, ал комага түшүп калган

7744
Аламүдүн районунун Чокморов айылынын тургуну Толгонай Осмонова күйөсү катуу сабалып, ал азыр ооруканада жатканын айтып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шамшыбек Медетбековдун уулу Адыл Сарукеевди айыптоодо.

Осмонова koom.press порталына кайрылып, окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып берген. Биздин портал экинчи тараптын версиясын дагы угуп, чыгарууга даяр экенин белгилейт.

Толгонай Осмонованын айтымында, ушул жылдын 11-июлунда Адыл Сарукеев белгисиз адамдар менен бирге жолдошумду күч колдонуп салып кетишкен. Ошол учур видеого тартылып калган.

– Жолдошумду талаага алып барып, ур-токмокко алып, башына пакет кийгизип, катуу сабашкан. Аны өлдү деп эсептеп, ошол жактагы көпүрөнүн алдына таштап кетип калышкан. Аны таң эртең менен Заречный айылынын тургуну көрүп, “Тез жардам” чакырган. Колу менен буту сууга түшүп калгандыктан бышарып кеткен. Жолдошум катуу ур-токмокко алынгандыктан, башы чоң болуп шишип кеткен. Ошол учурларды эстесем, ыйлагым келет, – деди ал.

Осмонованын баянында, бул окуя Аламүдүн районун Чокморов айылында башталган. Адыл Сарукеев биздин жыныбызга көчүп келип, эки үйдүн ортосунда забор тургузулуп жаткан. Ошол заборду мындай кылып туругузуш керек деген сөздөрдүн айынын чыр-чатак башталды.

– “Тез жардам” жолдошумду Бишкектеги №4 ооруканага алып барган, ал жакта 7 күн комада жатты. Медиктер абалы оор, шансы аз, эчкандай кепилдик бере албайбыз деп айтышкан. Анан Шамшыбек Медетбеков келип, “расписка жазып, керектүү дары-дармекти алып берем, дарыланууга акчасын берем” деп айткан. “Распискасы менде колумда бар”, — деп билдирди Омсонова.

– Кудай жалгап ал өзүнө келип, эми жакшылап даарыланат деп умүттөнүп турсак, аны 16-күнү ооруканадан чыгырып салды. Кагаздарына жакшы болуп калды деп көрсөтүп коюшкан. Себеби ооркананын башкы даарыгери Шамшыбек Медетбековдун классташы, досу болот экен. Көрсө, адам ооруканада 20 күндөн ашык жатса, милиция келип окуянын чоо-жайын тактап, териштире баштайт экен. 20 күнгө жеткирбей жолдошумду ооруканадан чыгарып салышты, – деп белгиледи жабыр тарткан жарандын жубайы.

Анын айтымында, Ысык-Көлгө реабилитация алып бара жатсак жолдон абалы оорлошуп кеткен. Азыр Токмоктун ооруканасында жатат, абалы оор. Шамшыбек Медетбековго чалып, эмне болгонун айтып, дарыланууга акча берем деп айттыңыз элего десем, ал “менин балам күнөлүү эмес” деп жооп берди.