Домой Жаңылыктар Өкмөт: «Асман» шаарын, жаңы стадион куруу долбоорлору талкууланды

Өкмөт: «Асман» шаарын, жаңы стадион куруу долбоорлору талкууланды

8

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-августта Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплексин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарын, ошондой эле Чүйдөгү Орок айылында 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборун куруу долбоору талкууланды.

«Мындан сырткары Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды. Акылбек Жапаров бул долбоорлорду сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү экенин белгиледи. Аталган долбоорлор жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт экенине токтолду»,- деп айтылат маалыматта.