Домой Жаңылыктар Бишкекте аял таксиде көз жарды

Бишкекте аял таксиде көз жарды

7

Бишкекте аял №4 Шаардык перинаталдык борборго бара жаткан жолдо таксиде төрөгөн. Бул тууралуу маалыматты борбор калаадагы Тез жардам борборунан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтымында, чакыруу бир күн мурун, 15-августта саат 10.16да болгон.

«22 жаштагы аялдын бул экинчи төрөтү. Кош бойлуулук кыйынчылыксыз өткөн. Аял каттоого алынып, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турган. Жаңы төрөлгөн баланын жана энесинин абалы канааттандырарлык. Ал учурда бош бригадалар болбогондуктан, бул чакырууга реанимация бөлүмү жөнөтүлгөн», — деп белгиледи Тез жардам борбору.