Домой Жаңылыктар Бишкек мэриясы: мектеп формасын алууга мажбурлагандар жазаланат

Бишкек мэриясы: мектеп формасын алууга мажбурлагандар жазаланат

11

Бишкек мэриясы ата-энелерди окуучулардын формасын алууга мажбурлаган мектеп директорлоруна кызматтан алууга чейин чара көрүлөрүн эскертти. Мунун алдында укук коргоочу Назгүл Турдубекова айрым мектептерде сегиз миң сомдон форма сатып алууга мажбурлап жатканынын айтып чыккан.

Билим берүү жана илим министрлиги 15-августта мектептерде 1-11-класстардын окуучуларынын формасы тууралуу талапты бекиткен. Ага ылайык, мектеп формасы классикалык кийим болушу керек жана аба ырайы, сабак өткөн жер менен бөлмөнүн температурасына жараша болот.

«Аз камсыз болгон катмардагы ата-энелерди мектеп белгилеген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган үстү ачык, асты кара түстөгү форма менен камсыздаса болот», деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.