Домой Жаңылыктар Бишкек мэриясы аш-тойду чектеген жобонун долбоорун талкууга койду

Бишкек мэриясы аш-тойду чектеген жобонун долбоорун талкууга койду

8

Бишкек шаардык мэриясы аш-тойду, мааракелерди өткөрүүнү чектеген жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда төмөнкүдөй талаптарды киргизүү сунушталган:

  • Үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө бир күн берилет жана чакырылгандардын саны 250гө чейин гана болушу керек. Үлпөт кортежине төрт машинага чейин уруксат жана бир бодо мал же үч майда жандык сойсо болот.
  • Үй-бүлөлүк салтанаттар, мааракелер кечки саат 12ге чейин аяктап, коноктордун саны 200дөн ашпашы зарыл.
  • Тажыяга үч күн берилет, келгендердин саны чектелбейт. Бодо мал сойбоо, тасмал жайып, келгендер баштык-үштүк бербөө, кийит кийгизбөө сунушталат.
  • Куран окутууга 300дөн ашык адам чакырууга болбойт, бир бодо мал (жылкы) же үч кой союуга уруксат.
  • Шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге аш-той өткөргөндө бодо мал союуга, көп каражат жумшоого болбойт.

Мэрия мындай чаралар президенттин аш-тойду чектеген жарлыгына ылайык көрүлүп жатканы белгилеген.

Ушул жылдын башында Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койгон.