Домой Коом Каныбек Осмоналиев: «170 мугалимге айлык акы берип, 170 жетим баланы үй менен...

Каныбек Осмоналиев: «170 мугалимге айлык акы берип, 170 жетим баланы үй менен камсыз кылам деген Нургалы Асаналиевдей кыргыздын айкөл, феномен уулдарын колдошубуз керек»

265

Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүк мезгилинде көптөгөн оор-кыйыш окуяларды башынан өткөрдү. Ар түрдүү башкаруучуларды «шайлап» алып, негизинен алардын азабын куп эле тартты. Жалаңгычтай болгон эргулдар өздөрү байып алышып, качканы качып кетти, үлгүрбөгөндөрү түрмөдө отурушат же ар кимди алдап, экс-президент деген статуска жамынып алышып, тайраңдап жүрүшөт. Бирок, эл кыраакы, баарын көрүп, байкап турат. Бирок, кыргыз журтунун ичинде бир феномен пайда болду!  Ал ишкерлер. Мен аларды эки категорияга бөлөт элем: жаратман ишкер жана ууру ишкер деп. Ууру ишкерлер СССРден элдин энчиси катары берилген мүлктөрдү талап-тоноп алышып «мен «крутой»бизнесменмин» деп кутуруп жүрүшөт. Алар бийликтеги арам адамдар менен коюн-колтук алышып, бюджеттин акчаларын ар түрдүү амалдар менен жеп келишет.

Бирок, жаратман ишкерлер дагы бар. Бирок, тилекке каршы алардын саны абдан эле аз. Ошентсе дагы алар элге жагымдуу иштерди аркалап келишет. Мен алардын көбүн билем жана колдоп жүрөм. Мага Нургалы Асаналиев аттуу ишкер жана мекенчил жигит абдан катуу таасир берди. Мен бул жигит менен тааныштыгым деле жок. Бирок, анын эл үчүн жасап жаткан албан иштерин окуп алып таң калып отурам! Демек уучубуз кур эмес экен го? Өзү элет жерден эле чыккан бала экен. Ооба, Союз кезиндеги өлкөнүн экономикасына зор салым кошкон, дүңгүрөгөн Жети-Өгүздүн Оргочорунда туулган экен. Көп балалуу үй-бүлөдөн чыгыптыр. Чоң атасы менен өз атасынын өмүрлөрү ар бир үй-бүлөгө таасирин бере турган акылмандуулук береке болуптур. Мени таң калтырганы Нургалы мырза өзүнүн байлыгын маңдай тери менен тааптыр. Президент менен Өкмөттүн башчыларынын купулуна толуптур. Ошентсе дагы бул уулубузду өзүнүн жек кызыкчылыктары үчүн пайдаланган шылуундарды окуп алып жаным кейиди. Жаңы Акүй имаратынын курулушуна аракет кылган далааты, студенттерге берген төлөмдөрү, жетим балдарга арналган батирлерди куруп жатканы, 170 мугалимге айлык акы берип жатканы укмуш феномен. Демек, кыргыздын ушундай айкөл уулдары бар экен да! Биз мындай азаматтарыбызды колдоп гана турушубуз керек!