Домой Жаңылыктар Бир катар ЖОЖдорго өзгөчө макам берүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Бир катар ЖОЖдорго өзгөчө макам берүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

8

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.