Домой Без рубрики Нургалы АСАНАЛИЕВ: «Мен да Манас атабызды ыйык, бийик деп билем»

Нургалы АСАНАЛИЕВ: «Мен да Манас атабызды ыйык, бийик деп билем»

1510

Каганат» коомдук кайрымдуулук фондунун, ЖКББМ Эл аралык илим жана бизнес университетинин жана «Каганат» партиясын негиздеген 46 жаштагы ишкер Нургалы Асаналиев менен маек курдук. Маектешүүдө анын жүрөгү мекен, эл, жер деп согуп, илим, билимге басым жасаган, чыгармачыл адамдарды колдогон, Манасты аздектеген, манасчыларга өзгөчө сый мамиле кылган инсан экенин байкадык.

Нет описания.
Нургалы мырза, сиз убагында «Акындар акты сүйлѳсѳ…» аттуу ѳнѳр адамдарынын долбоорун, Соң-Көлдөгү 40 күн манас айткан манасчыларды ыраматылык Муктар Өмүракунов менен бирге колдоо көрсөттүңүз эле. Жакында эле «Ак үй куруу маселесине» жардам кыла калайын деген ниетиңиздин түпкүрүн түшүнбөгөндөр манасчыны, манасты тебелеп-тепсегендей сөздөрдү жазып, «коомчулукка коркунучтуу адам» катары көрсөтүп салышты… Эмнеге убагында жооп бербей койдуңуз?..
— Ал мезгилде орозо болгон үчүн унчукпай, сабыр кылып, алардын жалган сөздөрүнүн баарына жооп кайтарбай, унчукпай отурдум. Алар акылга сыйбаган нерселердин баарын айтып, коомчулукту дүрбөтүштү. Бирок, эртеби-кечпи акыры чындык айтылат да. Мына, бүгүн баарын ачык айтып берем. Жалган маалыматты, болгондо да манасчы Дөөлөт Сыдыков таратканына таңгалдым. Дөөлөттүн чыгармачылыгын урматтап, «Дөкө, Дөкө» деп эле сыйлап турчумун. Өкүнүчтүүсү, алар мени ак жерден каралап, Манаска чыккынчылык кылып, «Манас айылын» (жерин) тартып алып жаткандай коомчулукка туура эмес жагдайды жаратып, ызы-чуу кылып коюшту. Алар айткандай эмес, мен да Манас атабызды ыйык, бийик деп билем. Манасчыларды урматтап, колумдан келсе колдоо көрсөткөн адаммын. Дөөлөттү кастарлаган үчүн, «Каганат» партиясы парламенттик шайлоого баратканда, аны 3-орунга койгом. Ал менин сунушумду туура эмес түшүнүп, душман болуп алды. Негизи, мен «Манас айылын» да чогуу-чаран бүтүрөлү деп ниет кылгам. Жыйынтыгы жакшы болбой, мага жалган жалаа жабуу менен аяктады. Курулуш башталган болчу, ал токтоп калды. Болбосо, техниканы алып барып, «Ысык-Көл» мейманканасын бузуп баштаганбыз да.

Нет описания.
«Түштүк магистралдагы» жер мамлекетке пайда алып келе турган жер бекен? Анда канча гектар жер бар?
— «Түштүк магистралда» бучкакталган 16 гектар жер бар экен, бирок, ал жерге жаңы Ак үй салганга мүмкүн эмес. Андагы 300 миң чарчы метр жерге 5-6 миң батир салса болот. Азыркы базар шартында, ар бир чарчы метринен 100-150 доллар пайда табат. 45 миллион доллар пайда түшөт. Бирок, азыр эмес, 5-6 жылдын ичинде…
— Жаңы Ак үй канча жерди ээлейт?
— Ак үй 18 миң чарчы метр болот. Аны музейдей да, жөнөкөй да кылып салса болот. Жөнөкөй салганда эле квадраты 1000 доллардан ашат, 18-20 миллион доллар кетет. Эгер музейдей салса, 40 миллион доллардын башын чапчыйт.
Жаңы Ак үйдү куруу ишине сиз кантип тандалып калдыңыз?
— Садыр Нургожоевич мени тандаганга жете элек болчу. Мен президентке учурашып коеюн, мурдагы бийлик мага карыз болуп калганын (12 миллионго ИИМдин жаңы имаратын салып бергем, 2008-жылдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин суранычы менен. 7 миллион доллары  бекер, 5 миллион доллары кайтарылмак) айтайын деп баргам. Жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп жаткан учурда барып калыпмын. Мага да айтып, «ойлонуп көрчү» деди президент. Анан мен өз оюмду айтып, сунуштамакмын. Ал сунушту президент колдогондон кийин аукцион, тендер болмок. Ошого жетпей, ызы-чуу болуп, баары токтоп калбадыбы…
Сиздин оюңузча, жаңы Ак үй куруунун зарылчылыгы барбы?
— Мен мындай деп айтаар элем да, президенттер экиге бөлүнөт: бири жаратман, бири талкалагыч. Жаратманы жоктон бар кылат. Талкалагычы бар нерсени талкалайт. Менимче, Садыр Нургожоевич жаратман. Ал жакшы нерселерди жасоого аракет кылып жатат. Ошон үчүн да жаңы Ак үй салдыруу маселесин көтөрдү окшойт.
Сиз менен баарлаша келсек, мамлекетке кыянаттык кылбаган адам экенсиз. Сиз тууралуу интернет айдыңында жакшы сөз жазылган эмес… Андайдын бири — Индиядан келген студенттердин төлөм маселеси…
— Ооба, анда да катуу каралоо жүргөн. Индиядан келген студенттерге кол койдуруп, мени болушунча шыбашты. Жыйынтыгында, чындык жеңди. Ошол кагазага кол койгон студенттер: «Биз минтип арыз жазган эмеспиз. Биз тил билбегендиктен кол коюп гана койгонбуз. Себеби, маанисин башкача түшүндүрүшкөн» деп тергөөдө ачык эле айтып чыгышты. Аларды ортомчулар алдап кеткени маалым болбодубу… Жалган жалаанын артынан бир ай камакта болдум. «Кылмыштын курамы жок» деп бошотушкан. «Ак ийилет, сынбайт!» дегендей, ийилгенибиз менен сынган жокпуз, Кудайга шүгүр! Болбосо, канча деген бут тосуулар болду, анын баарын сабырдуулук менен жеңип келатабыз.
Эмне үчүн сиз чыгымы көп агартуу тармагына басым жасап жатасыз?
— «Кыргызстанды ойлогон, өнүктүргөн илим-билимдүү муунду тарбияласак, адептүү, эли-жерине ак кызмат кылган жаштар дүркүрөп өсүп чыкса экен» деген изги тилек менен агартуу тармагына салым кошуп келатам. Себеби, илим-билимдүү, тартиптүү болбосоң, миң тапканың бир күн эмеспи. Ушундай улуу максат менен ЖКББМ Эл аралык илим жана бизнес университетин ачкам. Мекенибизге ак кызмат кылып, кийинки муунга үлгү болгум келет.

Нургалы мырза, өзүңүздү, үй-бүлөңөздү тааныштыра кетсеңиз…
— Жерим – Ысык-Көл. 1976-жылы 22-мартта Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында төрөлгөм.Нет описания.

Чоң атам Асаналы Молдосанов (1901-1943-ж.ж.) Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Согушта курман болуп, Россиянын Брянск облусунун Семенова айылына коюлган. Согуштагы көрсөткөн эрдиктери, каармандыгы үчүн СССРдин орден, медалдары менен сыйланган. Чоң апам Зулайка Бекболотова (1905-1982-ж.ж.) согуш маалында орукта иштеп, Оргочор совхозунда эмгектин мыктысы болгон.Нет описания.

Атам Сагынбек Асаналиев, жалгыз уул болгон. 1940-жылы 15-сентябрда төрөлгөн. Оргочор сыноо станциясында кой асыл тукум жагында башкы чабан болгон. Совет элинин бакубат жашоосу үчүн кылган ак ниет эмгеги үчүн Советтер Союзунун орден, медалдары менен сыйланган. Социалисттик эмгектин баатыры наамына эки жолу көрсөтүлгөн.

Нет описания.Апам Сакен Абдыкадырова — Баатыр эне, тогуз уул-кызды төрөп, багып чоңойткон. Эжем ооруп, былтыр каза болуп калды… Жети бир тууганымдын баары жогорку билимдүү. Мен болсо 1983-1987-жылдары Т.Сатылганов атындагы орто мектеп-интернатында, 1987-1993-жылдары А.Осмонов атындагы орто мектепте окугам. «Башкаруу ишмердиги» адистиги боюнча жогорку экономикалык билимдин ээси, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн запастагы офицеримин. Үй-бүлөлүүмүн, 7 балам бар. «Каганат» коомдук кайрымдуулук фондунун, ЖКББМ Эл аралык илим жана бизнес университетинин жана «Каганат» партиясынын негиздегем. 1993-жылдан ушул кезге чейин ишкердик менен алектип келатам.