Домой Жаңылыктар Бишкекте жаңы стадион салына баштады

Бишкекте жаңы стадион салына баштады

21

Буга чейин Садыр Жапаров стадион августта куруларын билдирген.

Бишкекте 25 миң орундуу стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров ушул жылдын август айында Бишкекте 22,5 миң адам бата турган заманбап, жаңы футболдук стадиондун курулушу башталарын билдирген.
Ал жаңы курула турчу стадион эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болорун белгилеген.