Домой Маек Жамин Акималиев, академик: «Бизде «крыша» болгон аткаминерлер аябай көп»

Жамин Акималиев, академик: «Бизде «крыша» болгон аткаминерлер аябай көп»

482

-Жамин агай, президент бүгүн «крыша» болгон чиновниктерге катуу эскертүү берип, «иштеген кызматыңарга  карабай жоопкерчиликке  тартыласыңар»- деди. Эми «крыша» болуп көнгөндөр  тизгинин тартабы? 

— «Крыша» болгон аткаминерлер бизде аябай көп. Аларды кырып дагы түгөтө албайсың. Биздин азыркы турмушубузда «крыша» деген салт жана шартка айланып калган. Эл арасында «колдооң болбосо, корооңо да кире албайсың» деген кеп бар. Ошондуктан, «крышалар» дароо эле жоголот дегенге ишениш кыйын. Бирок, адам үмүт менен жашайт. Ушундан улам Президенттин бүгүнкү катуу эскертүүсүнөн кийин жетекчи кызматкерлер тийиштүү жыйынтык чыгарат деп үмүттөнүп туралы.