Домой Маек Замир Айылчиев: “Санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү Кыргызстандын имиджин көтөрөт”

Замир Айылчиев: “Санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү Кыргызстандын имиджин көтөрөт”

58

Замир мырза, кечээ «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду. Бул Жарлык мамлекетке пайда алып келеби же көп Жарлыктын бири болуп калабы?
-Албетте, өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү  мамлекетке пайда алып келет. Эң биринчи коррупцияны кыскартат. Ошондой эле транзиттик коридорлорду жөнгө салып өнүктүрөт. Кыскасы, мамлекетке чоң пайда алып келүү менен өлкөнүн имиджин эл аралык аренада көтөрөт. Ошон үчүн көп Жарлыктын бири болуп калбайт деп ойлойм.