Домой Маек Мавлян Аскарбеков: «Президенттин «крыша» болгон атка минерлерге катуу чара көрүлөт дегени колдоого...

Мавлян Аскарбеков: «Президенттин «крыша» болгон атка минерлерге катуу чара көрүлөт дегени колдоого аларлык  демилге болду»

737

Мавлян мырза, президенттин «крыша» болгон атка минерлерге катуу чара көрүлөт дегенине ишенсек болобу?

-Президенттин «крыша» болгон атка минерлерге катуу чара көрүлөт дегени колдоого аларлык  демилге болду. Тилекке каршы, жогорку кызматкерлер, күч органдары, УКМК кызматкерлери калкалоо бизнеси менен алек болуп жүргөнү баарына маалым. Президент ошонун баарын жокко чыгарып, мыйзам чегинде жашоого, тартипке чакырганы жакшы болду. Бул иш тез болуп кетпейт. Анткени, тамырлашкан, кландашкан, бандиттешкен топторду жок кылуу бир күндүн иши эмес. Ошондой болсо да, аракет кылсак,  жыйынтык берет.