Домой Маек Кайып Шер: «Президент бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга улуу чакырык...

Кайып Шер: «Президент бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга улуу чакырык таштады»

65
-Президент бүгүн   «бардык саясий оюндар бүттү. Экономика менен алектенүүгө мезгил келди2-деди. Ошондой эле  «крыша» болгон атка минерлерге катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ажонун айткан сөзү аткарылат деп  ишенсек болобу?
-Буга чейин президентибизди баарыбыз сындап келдик. Ачуу сөздөр айтылды, Кыргызстандын эртеңки  келечеги кандай болот деген ой менен талашып, тартыштык. Кандай болгон күндө дагы баардык сын пикирди президент укту. Багытты алды. Эми экономиканы жандандыруу инвесторлорду эки тараптын ичи чыккандай шартта   тартып келүү үчүн мыйзамдуулуктун диктатурасын орнотуу зарыл экенин айтты. Эми бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып, аракет кылууга баарыбызга улуу чакырык таштады. Президенттин бүгүнкү сөзүн мен ушундай кабыл алдым.
Ал эми коррупциялык система түзүп алган»крышаларга» карай эскертүүсү мезгилдин замандын талабы. Мамлекетте  стабилдүүлүк орносун, өлкөбүздүн бүтүндүгү керек десек «крышалардан» тазаланыш керек.