Домой Маек Венера Акматова, профессор: “Транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн санариптештирүү  көмүскө акчаларды ачыкка алып чыгат”

Венера Акматова, профессор: “Транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн санариптештирүү  көмүскө акчаларды ачыкка алып чыгат”

24

Венера эже, президент «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.  Бул жарлык мамлекетке пайда алып келеби?

-КРнын транзиттик потенциалын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эл аралык мультимодалдык, автомобилдик жана темир жол ташууларынын санариптик жашыл транзиттик коридорлорун камсыз кылуунун комплекстүү системасын киргизүү максатындагы Президенттин Жарлыгы мезгилдин талабына ылайык келген иш болду. Кыргызстан мурда деле Кытай-Россия-Казакстан-Өзбекстан үчүн товар ташууда транзиттик милдет аткарып келген, эми ошону модернизациялап, санариптештирүү  аркылуу жакшыртууга аталган Жарлык түрткү болору бышык. Азыр дүйнөдө карым-катыштын бардык түрлөрү абдан дүркүрөп өсүп атат. Биз андан четтеп, изоляцияда кабылбаш үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү ишке киргизип, кошуна өлкөлөрдүн темпинен артта калбай кадам жасаганыбыз туура. Мамлекеттер аралык бардык байланыштарга, кызматташууларга ачык өлкө экенибизди дагы бир ирет көрсөтүп, өзүбүзгө пайдалуу демилгелерди илгиртпей кабыл алганыбыз оӊ. Анан калса санарип тешүү бүгүнкү күн, ал тургай эртеӊки күн менен чектелбестен, андан да алдыга ой жүгүртүүнү, ошого жараша кадамдарды жасоону талап кылып турат. Бул биринчи жагы, ал эми маселенин экинчи жагы: бизге кандай, канча, кантип пайда алып келет!? Транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн санариптештирүү биринчиден көмүскө акчаларды ачыкка алып чыгышы керек, маселен Грузияда, Арменияда ошондой болгон, бажы системасы толугу менен санариптештирилип, кирген-чыккан товарлар, төлөмдөрдүн суммасы күн сайын элге ачык көрсөтүлүп, жеӊ ичинен сүйлөшүүгө, мамлекеттин казынасына түшө турган акчалардын жеке чөнтөктөргө кетчү агымына бөгөт коюлган. Бизде көп жылдардан бери бажыдан түшчү акчалардын изи билинбей, коомчулукта токтобогон талкууларды жаратып келе жатат. Мамлекет-эл эмес, жеке бир адамдар эбегейсиз байып кеткенин баарыбыз билебиз. Бажы кызматы арам акчалардын, коррупциянын булагы болуп калган. Эгер Президенттин аталган Жарлыгы так мына ушуну токтото алса, анда абдан жакшы болот эле.