Домой Маек Манас Осмон, эркин журналист: “Мектеп директорлору боюнча чыккан Жарлык — билим...

Манас Осмон, эркин журналист: “Мектеп директорлору боюнча чыккан Жарлык — билим берүү тармагындагы реформанын жаңы кадамы”

27

Манас мырза, Президент Садыр Жапаров  5 жылдан ашуун мектеп директору болгон жетекчилердин кызматтан алуу боюнча Жарлыкка кол койду.  Жарлык өз учурунда эле чыктыбы?

-5 жылдан ашуун мектеп директору болгон жетекчилердин кызматтан алуу боюнча Жарлык — билим берүү тармагындагы реформанын жаңы кадамы болот. Бул биринчи этабы катары мектептердеги баш аламандыкты жөнгө салат. Билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Мектептерде баш аламандык дегеним, айрым директорлор 20 жылдан бери отуруп, өзү билген системасын түзүп алышкан. Менимче, реформанын экинчи этабы катары балдар бакчалардын жетекчилери жана ректорлор болушу керек. Ал жакта да, кудум мектептегидей абал жана алар да, 20 жылдап отурушат.