Домой Жаңылыктар Жаш кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судья кызматын тапшырды, шаардык сот чечимди өзгөрттү

Жаш кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судья кызматын тапшырды, шаардык сот чечимди өзгөрттү

67

Өспүрүмдү зордуктоого айыпталып жаткан жарандарды сот залынан бошоткон Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы ыйгарым укуктарын аткаруудан четтетилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
“Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы өспүрүмдү зордуктоого айыпталып жаткан жарандарды зот залынан бошоткону тууралуу маалымат ЖМКларга чыккандан кийин ал КР жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун көз жаздымында калган эмес”. Тагыраагы, төрага иштин чоо-жайын тактап, судьянын аракеттеринен өспүрүмдүн укугу тебеленип жатканын көрүп, катуу реакция кылган.
«Ошентип, бүгүн, 8-июлда Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.Батырбеков КР Судьялар кеңешине өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Судья мындай чечимге өзүнүн аракети анын кынтыксыздыгынан шектенүүгө негиз берип, соттун беделине таасирин тийгизгенинен улам келгенин жазган”, — деп билдиришти соттон.
Ошондой эле Шаардык сот Свердлов райондук соту чыгарган чечимди өзгөрттү.