Домой Укук Сокулукта күйөөсү аялын мас абалында 4 саат сабаган. Эртеси анын каза болгонун...

Сокулукта күйөөсү аялын мас абалында 4 саат сабаган. Эртеси анын каза болгонун көргөн

222

Сокулук районунун тургунунун өлүмү боюнча сот адилеттиги орноду. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунун юристи Ракыя Рахматова 7-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын май айында Сокулук районунун тургуну мас абалында үйүнө келип, 30 жаштагы аялын сабап баштаган. Ал отургучту сындырып, аялын отургучтун буту менен 4 саат сабаган. Анан уктап калган. Эртең менен ойгонуп, аялынын каза болгонун көргөн.

«Сокулук райондук соту аны 15 жылга эркинен ажыраткан, бирок Чүй облустук соту адам өлтүрүү өзгөчө мыкаачылык менен жасалган эмес деп эсептеп, биринчи инстанциянын чечимин өзгөрткөн. Биз кассациялык доо арыз менен кайрылып, Жогорку Сот аны өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, акыйкат өкүм чыгарды», — деди жактоочу.