Домой Жаңылыктар Президенттин тапшырмасы. Улан Ниязбеков менен Курманкул Зулушев Таш-Көмүр шаарында эл менен жолугушту

Президенттин тапшырмасы. Улан Ниязбеков менен Курманкул Зулушев Таш-Көмүр шаарында эл менен жолугушту

164
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев Таш-Көмүр шаарына келди. Майлуу-Суу шаарынын тургундары да ушул жолугушууга чакырылган, ошол себептүү алар дагы Таш-Көмүр шаарына келишти.
Жолугушууга Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларынын тиешелүү тармактарынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышууда. Жолугушууга Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурлан Умаров жана Таш-Көмүр шаарынын мэри Келсинбек Бектемиров да катышууда.
Бүгүнкү жолугушуу учурунда Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларынын тургундары алардын көйгөйүнө арналган ар кыл маселелер боюнча ойлорун ортого салышты. Айрыкча, коомдук тартиптин сакталышы, мыйзамдуулуктун сакталышы, Майлуу-Суу лампа заводунун ишмердүүлүгү боюнча, таза суунун жетишсиздиги, жер документтери, Майлуу-Суу шаарындагы мал жайытынын жоктугу, шаар ичиндеги ички каттамдарды уюштуруу маселеси, жолдорду ондоо маселеси жана спортту өнүктүрүүгө жардам берүү жана жарандардын жашоо шартына байланышкан маселелер боюнча суроолорун айтышып, аларды чечип беришин суранышты. Жолугушууга жалпысынан 400дөн ашуун адам катышууда.
Негизинен аталган жолугушуулар элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө арналгандыгын белгилейбиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы