Домой Жаңылыктар Турсунбек Акун Шавкат Мирзиёевго кайрылуу жасады

Турсунбек Акун Шавкат Мирзиёевго кайрылуу жасады

39

Өзбекстан Республикасынын Каракалпакстан автономдуу Республикасында болуп өткөн элдик толкундоолорго байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин

 К А Й Р Ы Л У У С У

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шафкат Мирзиёвдин демилгеси менен өлкөнүн Конституциясы өзгөртүлүп, ал өзгөртүүнүн негизинде Каракалпакстан Республикасынын суверендүүлүгү жоюлуу, ал автономдуу Республика өз каалоосу боюнча Өзбекстан Республикасынын курамынан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо коркунучунда турат. Мына ушундай Конституциялык өзгөртүүлөргө нааразы болгон кылкылдаган эл 1-июль 2022- жылы Нукус жана башка шаарларда митингге чыгышып, өз укуктары үчүн күрөшүп жатышканын дүйнөдөгү бүткүл прогрессивдүү күчтөр колдошу керек. Өзбек бийлиги жана укук коргоо органдары митингке чыккан миңдеген адамдарды кууп таратып, анын лидери болуп саналган Даулет Тажимуратовду камакка алгандан кийин саясий абал ого бетер курчуп, акыры бийлик аны бошотууга мажбур болгон. 1993-жылы Каракалпакстан автономдуу облусу Өзбекстан Республикасы менен келишим түзүп, 20 жылдык мөөнөткө гана Өзбекстандын курамына кирген болчу. Ал мөөнөт 2013-жылы аяктаганына карабастан Өзбекстан Республикасынын бийлиги Каракалпакстанга кысым көрсөтүп, патриот саясатчыларын жана активисттерин куугунтуктап, Каракалпакстанды күч менен Өзбекстандын күрамында кармап келет. Бул суверендүүлүк укугуна карата жасалган чоң укук бузуу болуп эсептелет. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёв жана жалпы эле өзбек бийлиги өзүнүн кетирген одоно каталарын түшүнүп, митингке чыккан миңдеген адамдардын кысымынын негизинде өзгөртүлүп жаткан Конституцияда Каракплпакстандын суверендүү статусун кайрадан калтырууга макул болуп жатканы колдой турган көрүнүш. Мындан тышкары, Каракалпакстан автономдуу Республикасы жалпы элдик референдумдун негизинде Өзбекстан Республикасынын курамынан чыгып кетүү укугу да калтырышылышы керек. Бизге жеткен маалыматтар боюнча митинге чыккан адамдардын ичинен жүздөгөн адамдар кармалып, камакка алынгандыгы белгилүү. Ошондуктан алар тез-аранын ичинде камактан бошотулуп, кылмыш иштери токтотулуп, провокация уюштурган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катуу жазаланышы керек. Ал эми Өзбекстандын жана борбордук бийликке түздөн-түз баш ийген Каракалпакстандын бийлиги митингке чыккан миңдеген адамдарды күнөөлөп, “уюштуруучулар мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылышкан жана бул иш чет жактан башкарылган” деген оор статьяны тез аранын ичинде алып салышы керек. Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресс региондогу тынчтыктын сакталышын, адам укуктарынын кыйшаюсуз корголушун, ар бир адамдын суверендүүлүккө болгон укугунун болушун камсыздап турган кадыр-барктуу институтут болгондуктан, Каракалпакстанда болуп жаткан массалык укук бузууларга кайдыгер карап тура албайбыз. Президент Шавкат Мирзиёв башында турган Өзбекстандын саясий жетекчилиги азыркы чыңалган оор абалды калыбына келтирүү, адам укугун коргоо, адамдардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, Каракалпакстандын суверендүү стасусун сактоо үчүн жетиштүү аракеттерди көрөөрүнө чоң ишенимибиз бар.

 

Сиздерди сыйлоо менен

 

Борбордук Азия мамлекеттериндеги

адам укуктары боюнча

Конгресстин Координатору                                                      Турсунбек Акун