Домой Жаңылыктар «Ош» базары менен ЦУМдун жанына жер астынан өтчү өтмөк курулат

«Ош» базары менен ЦУМдун жанына жер астынан өтчү өтмөк курулат

22

Шаар башчысы сметалык-долбоорлоо документтери даярдалып бүткөнүн белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарынын эл көп жүргөн жерине эки жер астынан өткөн өтмөк курулат. Бул туурасында калаа мэри Эмил Абдыкадыров билдирди.

Өтмөктөрдүн бири Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине (ЦУМ менен ГУМдун ортосу) курулат. Ал эми экинчиси Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн («Ош» базары) кошулган жеринде ачылат.
Мэр бул боюнча сметалык-долбоорлоо документтери даярдалып бүткөнүн белгиледи.