Домой Жаңылыктар Журналист «Манас ата» кафесинин администраторуна Улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш...

Журналист «Манас ата» кафесинин администраторуна Улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылды

9672
Журналист Султанбек Аманбеков «Манас ата» кафесинин администраторуна Улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылып Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдоду.
Урматтуу Ички иштер министри Улан Омоканович!
Урматтуу Башкы прокурор Курманкул Токторалыевич!
Ютубда ишмердүүлүк жүргүзгөн «Не сахар» берүүсүнүн журналисттери Ош шаарында жайгашкан «Манас ата» кафесинин санитардык абалын чагылдырууга барышкан. Өзүн кафенин администратору катары тааныштырган жаран журналистке «Сен өзбек тилин билүүгө милдеттүүсүң», — деп улуттар аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айткан. Ошол учурда милиция кызматкерлери мыйзам бузуу болуп жатканын көрүп туруп реакция кылган эмес.
Мындан улам, өзүн кафенин администратору катары тааныштырган аялга «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартууңузду суранам. Ошондой эле, өз ишине шалаакылык менен мамиле кылган милиция кызматкерлерине «Шалаакылык», «Кызматтык милдеттерин так аткарбоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоону талап кылам.
Төмөндө ошол видеонун ссылкасын сунуштайм: