Домой Жаңылыктар Акыйкатчы Фарид Ниязовдун саламаттыгынан улам президентке кайрылды

Акыйкатчы Фарид Ниязовдун саламаттыгынан улам президентке кайрылды

140

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова камактагы президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун саламаттыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда Ниязовдун абалы оор экенин, ден-соолугу барган сайын начарлап жатканын анын жактоочусу, жакындары такай айтып келе жатканы белгилеген.

«Анын жакындарырын маалымдашынча, Ниязовго Кардиология жана терапия улуттук борбору III даражадагы гипертония деген диагноз койгон жана бул өтө олуттуу оору болуп эсептелет. Бул дарт айыпталуучуну камакта кармоого болбойт деген өкмөт бекиткен оорулардын тизмесине кириши мүмкүн. Акыйкатчы Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында үч адамдын өлүмү катталгандан кийин бардык мамлекеттик органдар адам укугун жана эркиндигин сактоо боюнча улуттук жана эл аралык мыйзамдарды так сакташы керек деп эсептейт»,-деп айтылат аталган институт тараткан маалыматта.