Домой Жаңылыктар Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады

Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады

5285
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти.

Ага ылайык, Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон.

«Комиссия Алымкадыр Бейшеналиевдин COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү. Анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди. Мындан тышкары комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди текшерди.

Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл», — деп айтылат комиссиянын маалыматында.