Домой Жаңылыктар Ала-Букада «Коопсуздук-2022» машыгуусу өтүүдө

Ала-Букада «Коопсуздук-2022» машыгуусу өтүүдө

14

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан Ала-Букада «Коопсуздук-2022» биргелешкен штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүлүүдө. Машыгууга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Нурбек Сыдыков, Ала-Бука РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамдары, ЖКККБнын кызматкерлери, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.


Машыгуунун алкагында Ала-Бука районунун аймагында «Аскердик кооптуулук» күжүрмөн баскычы киргизилгендигине, массалык баш-аламандыктардын алдын алуу, өзгөчө маанилүү, маанилүү объектилерди жана атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коменданттык саат киргизилип, комендант болуп Ала-Бука РИИБдин начальниги милициянын полковниги Азенбек Козукеев дайындалган.
Район аймагына 3 жерге блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Мындан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин Кинологоия борборунун кызматтык иттери да тартылган.
Ала-Бука районунун тургундарын жана конокторун тынчсызданбоого жана бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында өтүп жаткандыгын билдиребиз. Учурда район аймагында коомдук абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Машыгуу 24-26-май күндөрү өткөрүлөт.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы