Домой Жаңылыктар 2 жаштагы баланы уруп сабап, колун печкага басып кыйнашкан

2 жаштагы баланы уруп сабап, колун печкага басып кыйнашкан

4471
Сокулукта 2 жаштагы баланы уруп сабап, колун печкага басып күйгүзүп, денесин кескилеп кыйнашкан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык, 3-февралда кечки саат 21:30дар чамасында ооруканага эки жаштагы К.Е. аттуу бала түшкөнү тууралуу маалымат келген.

Бул факт райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп иликтөө башталды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.