Домой Без рубрики Жамалбек Ырсалиев, Биринчи Май районунун акими: «Бишкекке келүүгө аргасыз болгон боордоштор бизге...

Жамалбек Ырсалиев, Биринчи Май районунун акими: «Бишкекке келүүгө аргасыз болгон боордоштор бизге алкышын айтып, кыргыз элине ыраазы болуп жатышат»

227
Эмнеге эс алып келе жаткан казактарды тосуп жатасынар? Алар бизге эмне жакшылык кылып койду эле? Башка кылаар ишиңер жокпу деген толгон токой суроолор берилип жатат.
Казактарга биринчи жолу кара булут айланып жатса, биз үч жолу мындайды башыбыздан өткөргөнбүз. Кыргыз айкөл эл. Боор тартып бир туугандык мамиле кылып жатабыз. Кыргыздар жеке эле казак боорлорго эмес, келген мейманга акыркы койун союп берген. Ошол пейилибиз үчүн Кудай бизге берип жатат. Кошунабыз тынч болсо бизге да жакшы. Кадыр колкоо кылбастан карапайым Элин тосуп жатабыз. Бишкекке келүүгө аргасыз болгон боордоштор бизге алкышын айтып, кыргыз элине ыраазы болуп жатышат. Адамдар ыраазы болсо, Кудай да ыраазы болот. Кудайдан кайтсын!
Күлүп жайнап жашайлычы. Бири-бирибизге жакшылык каалайлы.