Домой Без рубрики Төлөгөн Келдибаев: «Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун Уставы 2002-жылы 7-октябрда Кишиневде кабыл алынып,...

Төлөгөн Келдибаев: «Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун Уставы 2002-жылы 7-октябрда Кишиневде кабыл алынып, 2003-жылдын 15-июлунда кыргыз парламенти тарабынан ратификацияланган»

14

-Эл аралык келишимдер жана ченемдик укуктук актылар  күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат жана аткарылууга жатат. Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттер (ЖККУ) Казакстанга тынчтыкты орнотууга көмөктөшүү үчүн өз аскерлерин жөнөтүү чечимин кабыл алгандан кийин, Россия, Белорусь жана башка мамлекеттер аскерлери тездик менен Казакстандын аймагына келишип, өз милдеттерин аткара башташты. Министрлер Кабинети баш мыйызамдын талабына ылайык Куралдуу күчтөрдүн аскерлерин Казакстанга жиберүүгө Жогорку Кеңешке макулдук берүү сунушу менен кайрылган болчу. Жогорку Кеңештин депутаттары Куралдуу Күчтөрдүн жана Күч органдарынын жетекчилеринин түшүндүрмөлөрүн уккандан кийин өз макулдуктарын беришти. Анткени, Конституциянын 6-беренеси — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Конституциянын 11-беренесинин 2-бөлукчөсүндө Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүү Жогорку Кеңеш тарабынан 3/2 көпчүлүк добушу менен уруксат алынат деп көрсөтүлгөн. Биздин аскерлердин Казакстанга жөнөтүү жөнүндө кабыл алган чечимдер Конституцияга жана Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун Уставына ылайык келет. Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун Уставы 2002-жылдын 7-октябрында Кишиневте кабыл алынып, Кыргызстан 2003-жылдын 15-июлунда Парламент тарабынан Ратификациядан өткөн. Эл аралык укуктук принциптерге ылайык Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Аскердик саясий- блок болуп эсептелет. Келишимге катышкан мамлекеттерди ар тараптуу өнүгүүсүнө жана коопсуздугуна, көз карандысыздыгына аймактык коопсузудукту жана туруктуулукту жааматтык негизде коргоо, мамлекттүүлүккө каршы аракеттер, элдердин коопсуздугуна улуттук чакырыктар жана коркунучтарды алдын алууга макулдашуу алкагында ишке ашат. Жааматтык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин баарында Ратификациядан өткөн. Бириккен Улуттар уюмунда да катталган, эл аралык нормаларга ылайык келген уюм болуп эсептелет. Эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери менен шартталган укуктук аскердик саясий блок. Казакстанда болуп жаткан кайгылуу окуяларды токтотууга ЖККУ таасири болот.