Домой Без рубрики Шарапат Мажитова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Туугандар, медалдын эки тарабы бар экенин эске...

Шарапат Мажитова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Туугандар, медалдын эки тарабы бар экенин эске алалы»

225

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын Казакстанга ЖККУнун мүчөсү катары Кыргызстандын аскердик жардамы боюнча кабыл алынган токтому элдин арасында ар түрдүү талкуу жаратып жатат. Ошондуктан сиздерге ал жердеги кырдаалды түшүндүрүп коюуну туура кордум. Курманжан датка өз кезегинде элдин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюп, баласын өлүмгө буйруган. Биздин бүгүнкү чечимибиз да ошондой болду. Орусиядагы ,Казакстандагы жарандарыбыздын тагдырын ойлоп, өткөндөгү тарыхыбызды, келечектеги кооптуу чакырыктарды ойлодук. Бөлүнгөдү бөрү жейт болуп калбайлы деп мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгыбыздан жогору коюуга туура келди. Себеби ЖККУ келишими боюнча бир мамлекет колдобой койсо аскер киргизүү мыйзамсыз деп эсептелинет. Алты мүчө мамлекеттен эң акыркы болуп Кыргызстан кабыл алды. Туугандар медалдын эки тарабы бар дегендей бир тараптуу карабайлы. Бул жерде Кыргызстан деген мамлекетибиздин аброю туруп калды.