Эмнелерди билүү маанилүү
▪Тынчтык күчтөрүн киргизүү чечими Казакстандын башчысы Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан биргелешип кабыл алынган. Уюмга ( Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан) кирет.
▪Контингент чектелген убакытка гана киргизилет. Максаты: өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу.
▪Казакстандагы ЖККУ күчтөрү тартипти калыбына келтирбейт. Алардын ролу аскердик инфраструктураны жана башка объектилерди коргоо.
▪ЖККУ Казакстандагы окуяларды мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн каракчылык менен бузууга сырттан жасалган аракет катары карайт.
▪Операция аяктагандан кийин бардык тынчтык орнотуучу күчтөр Казакстандан чыгарылат. Алардын канча убакытка болуу мөөнөтү кырдаалга жана республиканын жетекчилигинин чечимине жараша болот.
▪ЖККУ кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстанга контингентин жөнөтүлөөрү тууралуу БУУга кабарлады.