Домой Без рубрики Каныбек Осмоналиев, профессор: «Казакстандагы кандуу окуя биз үчүн бир топ түйшүктөрдү жаратып,...

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Казакстандагы кандуу окуя биз үчүн бир топ түйшүктөрдү жаратып, «өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» — дегендей эле болду»

192

-Депутаттардын бүгүнкү кезексиз жыйында кабыл алган чечими тарыхта калат. Анткени, эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн куралдуу күчүн башка өлкөнүн коопсуздугун коргоо үчүн расмий түрдө жөнөтүп жатат. Болгондо дагы өзүбүзгө эң жакын делинген Казакстанга. ЖККУнун алкагында биз бул кадамга барууга милдеттүү болчубуз. Башка маселе, кошуналарыбыздагы саясий-экономикалык кризис кан төгүлгөн катуу каагылышууларга айланып кетпедиби. Аны Казакстандын ички гана проблемасы деген пикирге ыктап туруп калганбыз. Анан капысынан эле президент Касым-Жоомарт Токаев муну сырттан даярдалып келинген экстремисттик диверсия, террордук чабуул деп атап салды. Анын койгон баасы ЖККУнун уставдык талаптарына туура келип калды дагы, Токаев ЖККУга кирген өлкөлөрдүн тынчтыкты коргоо күчтөрүн убактылуу Казакстанга киргизүүнү суранды. Ошентип, формалдуулук сакталды. ЖККУнун катчылыгы аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин куралдуу күчтөрдү Казакстанга киргизүүгө макулдуктарын мыйзамдаштырып бере салды. Бул жолу ЖККУунун төрагалык милдетин Армения аткарып жаткан болчу. Биздин президент Садыр Жапаров ушул чечимди жетекчиликке алып, Кыргызстандын катышуусун парламенттин кароосуна маселе катары койду. Демек, Жогорку Кеңеш Конституциянын нормасы боюнча чечим чыгарып берди. Президентти колдоду. Депутаттар — булар эл өкүлдөрү. Алардын алдында татаал маселе турду. Бул маселенин моралдык жагы катуу турат. Биздин жоокерлер карапайым казак элине карата ок чыгарса эмне болот? Аларды стратегиялык объектилерди коргоого гана тартышат деп ишендирип турушат. Ылайым эле ошондой болсун. Иши кылса, Казакстандагы кандуу окуя биз үчүн бир топ түйшүктөрдү жаратууда. «Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» — дегендей эле болуп калды. Бул госаясаттык оюндар экендиги дагы билине баштагандай! Жакшылыктан үмүт этип туруудан башка айлабыз жок! Эң башкысы кыргыз-казак элинин тууганчылыгы, достугу сакталып калсын деген эле тилегим бар.