Домой Без рубрики Калдарбек Койлубайтегин, акын, журналист: «ЖККУга мүчө болгондон кийин, жигитче кол койуп алып,...

Калдарбек Койлубайтегин, акын, журналист: «ЖККУга мүчө болгондон кийин, жигитче кол койуп алып, анан  кыйшаңдап кетүү да жигитчиликке жатпас»

156

-ЖККУга мүчө болгондон кийин, жигитче кол койуп алып, анан  кыйшаңдап кетүү да ошол жигитчиликке деле жатпас. Учкашкандан кийин чыдаш керек. Эгерде көлөкөңдөн коркуу, төө кушча башты катуу саясаты үстөмдүк кылганда, мына ошондо Мадумаров какшап айтып жүрчү “изоляция” болмок. Эң оболу казактар чек араны бууп салышмак. Ансыз деле жети чек ара посттун бешөөсүн  жаап салышты. Товардын баары ошол жактан келгендиктен, казак бийлиги биздин тескери чечимге каршы иштетип коймок. Эми биздин 150 жоокер аба-ырайынына өзгөртпөйт деле …Бирок, жардамга кол сунду, ЖККУнун милдеттерин аткарды дегени калат. Ага каршы пикирлер, депутаттардын ичинен да чыгышкан. каршылар кокус бийлик алмашып кетсе дегенге үмүт кылышкан. Ошондой эле жөн эле пиар да жасашты…кандайынан албайлы уттурбадык, утпадык, бирок упайыбыз менен калдык.