Домой Без рубрики Эрнест Карыбеков: «Өрт» бизди дагы каптап кетпеш үчүн өрттү ошол жактан...

Эрнест Карыбеков: «Өрт» бизди дагы каптап кетпеш үчүн өрттү ошол жактан өчүргөнгө аракет кылышыбыз керек»

334

-Депутаттардын чечими мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган, туура чечим болду. Бир тууган Казакстан мамлекети бизден жардам сураганда жардам бербей кол куушурганыбыз туура эмес деген ой мененн  Жогорку Кеңеш чечим чыгарды. Анткени, Кыргызстан Казакстанга көз каранды болгон жагдайлар бар. Мисалы, азыркы күндө Кыргызстан  электрэнергияны Казакстандан алып жатабыз. Эгерде, Казакстанда хаос болуп, башкарууну колдон чыгарышса, анда террористтер электр станцияларды басып алышса Кыргызстандын коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Ошон үчүн стратегиялык  объектерди кайтарганга биз жардамыбызды аябашыбыз  керек. Дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол чоң саясаттын кесепетинен кошуналарда чатак болууда. «Өрт» бизди дагы каптап кетпеш үчүн тышкы саясатты туура  жүргүзүп, өрттү ошол жактан өчүргөнгө аракет кылышыбыз керек. Туура мамлекеттик чечим болду бугун.