Домой Жаңылыктар Эрбол Султанбаев, президенттин пресс-катчысы: «Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү...

Эрбол Султанбаев, президенттин пресс-катчысы: «Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы бар»

151

“Казакстан тараптын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышына байланыштуу кооптонуулардан улам, Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

Жарандарды белгиленген азык-түлүктөрдүн мүмкүн болгон тартыштыгынан же баалардын кескин көтөрүлүшүнөн чочулабоого чакырабыз.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелери эки тараптан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык байланыштарды толук кандуу жөнгө салынышына негиз болот”, — деп белгиледи Президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев.