Домой Маек Феликс Кулов, генерал: «Депутаттар саясий жактан да, мыйзам жагынан да туура чечим...

Феликс Кулов, генерал: «Депутаттар саясий жактан да, мыйзам жагынан да туура чечим кабыл алышты, Казакстандагы карапайым эл да абалдын турукташышын каалап жатат»

410

-Феликс Шаршенбаевич, бүгүн депутаттар ЖККУнун чечимине ылайык Кыргызстандын аскер күчтөрүн Казакстанга киргизүүгө макулдук беришти. Депутаттрдын бул арактеин колдогондор да, сындагандар да бар. Сиздин пикириңизде депуттар туура чеим кабыл алдыбы же калпыстыкка жол бердиби?

— ЖККУга мүчө болгондо кол койгон келишимге ылайык аталган уюмдун мүчөлөрүнө  каршы куралдуу агрессия болсо, башка мүчө өлкөлөр ага тиешелүү жардам, анын ичинде зарыл болсо аскерий жардам көрсөтүү  керектиги  жазылган. ЖККУнун келишиминде кайсы бир өлкө коопсуздукка, стабилдүүлүккө, аймактык бүтүндүккө жана эгемендикке коркунуч келтире турган агрессияга, куралдуу чабуулга туш келсе, ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин бардык өлкөлөргө коркунуч келтире турган агрессия катары каралары баса белгиленген. Ошондой эле келишимде байланышкан чечимди ар бир өлкөнүн мамлекет башчысы кабыл алары көрсөтүлгөн. Бирок, биздин Конституцияда аскер күчтөрүн Кыргызстандан тышкары жакка чыгаруу боюнча конкреттүү ар бир жолку чечим парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосу менен кабыл алынат деп жазылганы үчүн парламент чечим чыгарды. Мен парламенттин чечимин мыйзам жагынан да, саясат жаганына да туура болду деп эсептейм. Анткени, ал жактагы абал биз ойлогондой эмес. Ошон үчүн бул маселени бир жактуу карагандан алыс болушубуз керек. Ал жактагы тааныштарымдан алган маалыматтарда  карапайым эл да абал турукташышын каалап жатышат. Эл арасында эртең эмне болот деген чочулоо, кооптонуу күч.  Себеби, ал жерде жөн эле митинг болуп жаткан жок. Полициялардын баштары кесилип, жоокерлер башына тийген октон каза болуп жатышат. Ошон үчүн биз абалдын турукталышына салым кошушубуз керек. Анткени, Казакстанда шаарды тартипке келтирүүгө күчү жетпей жатат. Ошон үчүн жардам беришибиз керек. Бирок, биз алар менен бирге элди тынчытканга аралашпайбыз. Президент айткандай кайтарууга гана катышабыз.    Кыргызстанга  транзит жагынан Казакстанга көз каранды экенин эске алып,  “трассаны айдоочулар жайбаракат каттагыдай, талап-тоноого жол бербегидей кайтарып берели” десек болот. Анткени, биздин экономика жабыркаганы атат. Ошон үчүн 150 солдат кайтарууга барсын деп президент да, депутаттар да туура чечим кабыл алышты. Ошон үчүн кыргыздын солдаттарын казак элине каршы жөнөтүп жатат деген ойдон алыс болгонубуз оң.

-Бирок, эл арасында эптеп бийлигин сактап калуу үчүн абалды козутуп, полициялардын башын бийликти колдон чыгаргысы келбеген топтор кестирип жатат деген божомолдор айтыла баштады го?

-Бир да бийлик элинин канын төгүп, башын кестирип бийлигин скактап калууну көздөбөйт. Бул жерде социалдык нааразычылыктан чыккан жагдайды башкалар колдонуп, абалды татаалдаштырып жиберишти. Токаев «эл аралык террорчул куралчан агрессорлор кайсы бир жолдор аркылуу аймакка кирген» деп жатат.  Бийлик бир нече бандиттин чабуулунан мынчалык коркпосо керек деп ойлойм. Демек, кандайдыр бир белгилер, чагымчылар болгон. Ошон үчүн ЖККУга кайрылып, эл аралык террорчул куралчан агрессорлор мамлекетибизге кирди деп жардам суроого аргасыз болгон. Ошон үчүн четте карап тура албайбыз. Кайтарууга болсо да салым кошконубуз туура. Абал турукташса, президент менен парламенттин чечими оң жыйынтыгын берет деп ишенем.