Домой Без рубрики Чынара Мамажакыпова: «Казак кыргыз бир тууган элбиз, силердин көңүлүңөр чөксө, биз жылмайып...

Чынара Мамажакыпова: «Казак кыргыз бир тууган элбиз, силердин көңүлүңөр чөксө, биз жылмайып тура албайбыз»

126
Кадырлуу боордош казак журтчулугу!
Мамлекеттүүлүктү сактап калууңар абзел!
Стабилдүүлүк болбосо, өлкөнүн экономикасы оор жоготууга учурашы ыктымал.
Революция деген шаарды талкалоо эмес, чынжырланган системаны түп тамырынан өзгөртүү, бардык тармакта жаңылануу жаратуу экенин жакшы түшүнүңүздөр!
Дүйнөлүк тенденцияда глобалдык кымбатчылык каптап келе жатканда, жалгыз кай бир продукциянын баасын арзан кармоого эч мүмкүн эмес. Ошентсе дагы сиздерге ТЫНЧТЫК ,сабыр, жаратмандык, биримдик жана ынтымак каалайм!
Казак кыргыз бир тууган элбиз. Сиздердин көңүлүңүздөр чөксө биз жылмайып тура албайбыз.
Тез аранын ичинде бирдиктүү бир чечимге келип, биримдик менен даанышман чечим чыгарасыздар деп терең ишенем