Домой Без рубрики Токтогул Какчекеев, эксперт: «Биздин өкмөт «Кумтөрдөгү» коррупцияны аныктаса, мыйзамсыз чыгарылып кеткен алтындар...

Токтогул Какчекеев, эксперт: «Биздин өкмөт «Кумтөрдөгү» коррупцияны аныктаса, мыйзамсыз чыгарылып кеткен алтындар кайра бизге келишине жол ачылат»

282
-Негизи Канадалыктардын сунушу тан калтырбайт, анткени Кыргыз тарап коррупция маселесин «Кумтөрдөн» табууга жана далилин аныктоого бет алган. Ошон үчүн алар жан далбастап, түрдүү сунуштарды берип жатышат. Биздин өкмөт «Кумтөрдөгү» коррупцияны аныктаса, 65% алтын КАНТИП КОРРУПЦИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН БӨКСӨРГӨНҮ ачыкка чыкса, мыйзамсыз чыгарылып кеткен алтындар кайра бизге келишине жол ачат. Ошондуктан алар өз кызыкчылыгын сактап калыш үчүн сунуш жолдоп жатат. Анткени, аларда  коррупция аныкталып калса, эмне болот деген коркунуч бар.