Домой Без рубрики Ялкун Даутов: «Мамлекеттик экономикалык амнистия жарыяланаары менен 8 миллиард сом мамлекеттик...

Ялкун Даутов: «Мамлекеттик экономикалык амнистия жарыяланаары менен 8 миллиард сом мамлекеттик бюджетке кайтарылды»

197

АДС мүчөсү Я. Даутов «мамлекеттик экономикалык амнистия жарыяланаары менен 8 миллиард сом мамлекеттик бюджетке кайтарылды»- деди.
Ал президенттин эң башкы артыкчылыгы экономиканы калыбына келтириши, рейдерлик баскынчылыкка жол бербеши, бизнести коргоосу жана инвестицияны сактоосу деп билдирди «Тазабекке».
«Менчикти коргоо тууралуу төрт жарлык басылды, ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо тууралуу жарлыктар чыкты. Ошонун натыйжасында жумушчулардын жана ишкерлердин камсыздоо төлөмдөрүнүн тарифтери арзандады. Жылдык айланткан акчасы 8 миллион сомдон аз болгон ишкерлер салыктан бошотулду. «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Керемет Банктын» уставдык капиталдары көбөйдү,- деди ал.
2021-жылы калкка 20 млрд. сомдон ашуун кредит берилди деп билдирди Я. Даутов.
Андан сырткары 2 миллиард сом кредит колдоо иретинде ишкерлерге пандемиядан жабыркагандарга 10 пайыз менен берилди.
Ошондой эле 2022-жылдын 1-январынан тартып жер жана жайыт салыгы алынбайт.
2021-жылдын 9 айдын ичинде өлкөгө тартылган инвестициянын көлөмү 26,4% көбөйдү, 503 млн.$ же 43 млрд. сом болот.
«Февралдан баштап дыйкандарга жылдык пайызы 6% болгон насыялар берилет. Бюджеттен айлык алгандар үчүн ипотекалык насыялар 4% чейин арзандатылды. Бул рыноктогу эң төмөнкү пайыздык чегерим. Ипотекалык кредиттерди 5 миллионго чейин алууга мүмкүн болуп калды», — дейт ал.
Анын сөзү боюнча, жер трансформациялоо, үйдү мыйзамдаштыруу жана документ иштеринин көйгөйлөрү чечиле баштады.
Ош жана Чүй облустарында айыл чарбасына ылайыкташкан жерлерге 10 000 үй курулуп калган болчу.
«Жерлерди трансформациялоо маселеси мурдагы бийлик улам кийинкиге калтырып келген. Азыр президенттин жеке катышуусу менен Бишкектин ТЭЦ-2 жаңы конушунун аймагында 47,7 гектар жер трансыформацияланды. Жарандар кызыл китеп жана иезпаспортторду үйлөрүнө ала башташты. Азыркы учурда 798 үйгө документ берилди жана 119 үйдүкү берилүүгө даяр турат. Дагы 69 үйгө документ алууга арыз түштү, 500 объект изилденип жатат. Беш мобилдүү бригада иштеп жатат», — деп айтып берди.
Президент ошол эле учурда мындан ары эми айдоо жерлер жалаң гана айдоого пайдаланылаарын айтты. Эми жер басып алгандар мыйзам менен катаал жазаланат.