Домой Без рубрики Алмазбек Акматалиев, профессор: «Кумтөр» жакын арада толугу менен, дооматтары жана соттошуусу...

Алмазбек Акматалиев, профессор: «Кумтөр» жакын арада толугу менен, дооматтары жана соттошуусу жок эле Кыргызстанга өтөт»

291
Центерранын негизги талабы бул Кыргызстан андагы өзүнүн 26% акциясын толугу менен Центеррага өткөзүп берүү экен, мен түшүнгөнүмө караганда. Болгондо да, Кыргызстандын 26% акциясы аларга өткөн соң, Центерра ал акцияларды жок кылабыз ( аннулирование) деп жатыптыр.
Маселе мында менимче: Центерранын колунда Кумтөрдөн башка дагы 2 алтын кени бар. Бирөө АКШда, экинчиси Монголияда. Ал кендерде да Кыргызстандын ,жаңылбасам 26% акциясы бар! Ошол үчүн Центерра ал кендерди толук өзүнө караткан соң гана «Кумтөрдү» толугу менен Кыргызстанга өткөзүп бергенге даяр окшойт! Болгондо да, эч бир дооматтары жок эле, соттошпой эле…
Эми бул жерде финансы жана тоо-кен адистери жакшы эсептеш керек… Себеби: «Центерра» ал кендерди 100% тэк гана Кумтөрдүн кирешесинин эсебинен алган да. Ал 2 кенди сатып алгыча, «Центеррада» жалгыз «Кумтөр» бар болчу да! «Кумтөрдөн» түшкөн акчага сатылып алынган тиги 2 кендин 26%нан баш тартканыбыз туурабы? Же, Кумтөр менен мировой соглашениеге барбай, эл аралык соттордо соттошконубуз ыңгайлуубу?
Терең ойлонуш керек… Ал кендер канчалык кирешелүү? Келечекте иштеп кете алабы? Менимче, «Центерраны» реструктуризация жасап, ошол 2 кенди сатып алуу процессинин түпкү себеби бирөө эле болгон экен, таңгөрүнүкү десе!
«Центерра» ошондо эле түшүнгөн экен: бир нече убакыттан соң «Центерра» «Кумтөрдү» баары бир алдырат
! Алар алдын ала «Кумтөрдөн» түшкөн акчадан тиги 2 кенди сатып алып коюшкан…Не бар, не жок деп…
Азыркы бийлик келгенде так ошондой эле болду, «Центерра» «Кумтөрдөн» 6 айда кол жууп калды!
Эми, биздин бийлик жети өлчөп бир кесээр…Кайсынысы ыңгайлуу бизге! Менимче, «Кумтөрдө» реалдуу канча дагы запас калды, ошону так аныктап, анан чечим кабыл алыш керек. Экинчи фактор: рекультивация! Ага да акча кетет бир топ… Мүмкүн, «Кумтөрдү» толугу менен эч дооматы жок алып, бирок рекультивацияга берки 2 кенден жылына төгүп берип турасың десе жакшы болоор эле…
Эми, бул мендей тоо-кен боюнча адис  эмес, адамдын гана жеке сунушу! Билермандар айтаар эмне кылышты…
«Центерранын» бул сунушунан кийин мен толук ишенип калдым: «Кумтөр» жакын арада толугу менен, эч дооматтары жана соттошуусу жок эле Кыргызстанга өткөнү калыптыр! Буюрса дейли…
Кандай болгон күнү да биз уттук! Кумтөр бул Центерранын эң ири, эң кирешелүү активи болчу. Берки 2 кен жөн эле майда-чүйдө болуп калат… Анан да, ал кендерге биз доляга отуруш үчүн, анда толугу менен «Кумтөрдү» өзүбүзгө каратуудан баш тартышыбыз керек да… Ал 2 кенди али иштетиш керек, «Центеррага» тишин кайрап турган ал жакта да монголдор бар. Ошол үчүн, болочок киреше алаксыбай, «Кумтөрдү» толук алып, ошону менен чектелгенибиз туура болот го…