Домой Жаңылыктар II даражадагы Манас ордени композитор Сардарбек Жумалиев, скульптор Виктор Шестопалга ыйгарылды

II даражадагы Манас ордени композитор Сардарбек Жумалиев, скульптор Виктор Шестопалга ыйгарылды

32

Садыр Жапаров жаңы жыл алдында 220 кыргызстандыкка мамлекеттик сыйлык ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду.

Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлык жана наам ыйгарган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Алар ар кыл тармакта иштеген кыргызстандыктар.

II даражадагы Манас ордени композитор Сардарбек Жумалиев, скульптор Виктор Шестопал, ал эми III даражадагы Манас ордени жазуучу Мелис Абакиров баштаган алты кишиге ыйгарылган.