Домой Без рубрики Бактыгүл Иманбек Кызы: Кичине сабыр кылып турсаңар, жыйынтыгында баардык иш аракеттер, элдин...

Бактыгүл Иманбек Кызы: Кичине сабыр кылып турсаңар, жыйынтыгында баардык иш аракеттер, элдин гана пайдасына чечилет

29
Таак… убакыт келди окшойт ээ? Бирок, мен муну эч кимге таңуулабайм. Бул менин жеке анализим. Мактабайм. Жактабайм. Жамандабайм.Актабайм. Болушпайм.
Тек гана өзүм көрүп турган нерсени баракчамдагы суроо узаткандарга тизмектеп берейин. Болбосо, Акылбек Жапаровду Президентке, мен жетелеп келгенсип, менден сурап жатасыңар го…
Биринчиден, мына, өзүңөр эле жазып жатасыңар Акылбек Жапаров отуз жылдан бери Кыргызстандын Экономикасы менен ойноп келет, эми дагы ушул киши келди деп.
Туура, отуз жылда басып өткөн жолубуздагы Экономикабыздын көрсөтүлгөн дагы, көрсөтүлбөгөн дагы тарыхы так ушул кишинин колунда.
«Кумтөр» мафиясынан баштап, ар бир олигархтын финансысы ушул кишинин жардамы менен жабылган дагы, жашырылган.
(Мен март айында да ушул божомолумду жаздым эле)
Эми…Президент Садыр Жапаров бул жерден кайсы жолду тандашы керек эле?
1)Башка Экономист алып отуз жылдагы жарымы бар, жарымы жок Экономика министрлигинин архивин изилдетип, каздырып «Кумтөр» мафиясынын кагаздарын кайра бирден сапырып, убакыт коротуп, мөөнөтүнөн уттурушу керек беле?
2)Же, өзү айткандай, “Ак чөп башта” деп келген Акылбек Жапаров менен келишим түзүп, отуз жыл бою өзү чабыштырган иштерин аз убакытта, өз колу менен ирээтке келтириши керек беле?
Албетте, экинчи тандоо, алда канча пайдалуурак да.
Мисал үчүн Кумтөрдөгү «Центерранын» 25 жылдык финансылык былыктары кантип эле эки айда изилденип, ачыка чыгып калды дейсиңер?
Ооба, Акылбек Жапаров аркылуу, тез бүттү.
Кыргызыстандагы ар бир ишкананын былыктары так ушул кишинин колунда.
Бу не демек? Бул демек, ошонун баарын ачыктап, эми кайра оң жолго салуу ишитерин өзүнө жүктөдү.
Акылбек Жапаровду кимдер азыр жамандап, кыйкырып, “КЕТСИН! Жоголсун!” деп жатат байкасаңар…Ооба….
Олигархтар. Кыргызстанды тоногондор…
Бир убакта мамлекеттин казынасын, бир эмес төрт капшытын эңшерип алгандар…
Айрыкча 2010-жылдагы жоголгон сырдуу миллиарддардын дайынын ушул киши билет…Болбосо, 2010-жылы Бакиев кеткенде, баардыгын, тыйынынан, тыпынына чейин Бакиевге гана шылтап, казынаны кырып кыпчып жеп алышкан топ бар…
Мына ошол топ азыр, тызылдап, тыбырчылап, Акылбек Жапаровду алдарынын жетишинче элге жексур көрсөтүүдө…
Шылтоолору:
“Акылбек элди кууратканы жатат”
“Акылбек элдин чөнтөгүн эсептеп жатат”
“Акылбек кыйналган элди, эки эселеп эзе турган болду” деген лозунгдарды элге жакшылап, сиңирүү аракеттерин көрүүдө.
А чынында.
Алар өздөрүнүн жанын ойлоп тызылдап жатышат…
Элди беттерине кармап. Алардын куралы болбогула!
Эч качан андай болушу мүмкүн эмес.
Анткени Президент Акылбек Жапаров эмес, Президент биз ишенген, элди ойлогон, эл үчүн деген Садыр Жапаров.
Акылбек Жапаров азыр элдин эмес, олигархтардын чөнтөгүн эсептеп, алардын баардык былыктарын, көмүскө казынасын Президентке ачыктап берип жаткан учуру… Аны биз карапайым эл билбейбиз. Тигилер бизди ойлоп, бизге күйүмүш болуп кыйкырып жатса, аларга кошулуп дүрбүп жатабыз.
Ошондуктан,кичине сабыр кылып турсаңар, жыйынтыгында баардык иш аракеттер, элдин гана пайдасына чечилет.
Президент Садыр Жапаровдун, баарына акылы жетип, анан силер айтып, кыйкырып жаткан нерсеге акылы жетпей калыптырбы?
Кызыксыңар…
“Сабырдын түбү сары алтын!”