Домой Жаңылыктар УКМК Бакытбек Чойбеков тараптан добуш сатып алуу фактысын иликтей баштады

УКМК Бакытбек Чойбеков тараптан добуш сатып алуу фактысын иликтей баштады

577

БШКнын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна УКМКдан №21 Талас шайлоо округунда көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер Бакытбек Чойбеков тараптан добуш сатып алуу тууралуу арыз боюнча маалымат түшкөн.

Такталгандай, мындан сырткары, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн өндүрүшүндө Талас шаардык кеңешинин вице-спикери тараптан талапкер Бакытбек Чойбековдун пайдасына добуш сатып алуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки материалдар да бар. учурда тергөө жүрүп жатат. Бирок, эл мандат мыйзам бузбай, добуш сатып албай, чындап элдин элегине түшүп, көп добушка ээ болгон, таластын меслесин чече алган адамга берилсе деген ниетте.