Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.
Аталган иш-чарага Белорусь Президенти Александр Лукашенконун,
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин,
Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын,
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин,
Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин,
Россиянын Президенти Владимир Путиндин,
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун,
Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун,
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.