Домой Без рубрики «Кыргыздар бизге душман эмес, мунун бардыгын диктатордук режим жаратып жатат”

«Кыргыздар бизге душман эмес, мунун бардыгын диктатордук режим жаратып жатат”

16

Белгилүү тажик блогери Алексей Казак аттуу орус блогеринин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында чоң көйгөй деле жок, анын баарын тажикстанда көп жылдан бери орногон диктатордук бийлик ойлоп тапкан жасалма көйгөйлөр деп айыптады.

“Коомчулук кандайдыр бир проблеманы көтөрүп баштаса эле ал дароо пропаганданын күчү менен кыргыздарды душман дедиртип баштайт. Мунун баары өлкөдөгү чыныгы көйгөйдөн элди алаксытуу болуп эсептелет. Кыргыздар бизге душман эмес, биз аларга душман эмеспиз. Мунун бардыгын диктатордук режим жаратып жатат”, — деген ал.