Домой Жаңылыктар Бишкектин жолдорун тазалоого 39 техника, 771 жумушчу чыкты

Бишкектин жолдорун тазалоого 39 техника, 771 жумушчу чыкты

30

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолду тазалоого таңкы саат 4:00дө чыгып, азыр да иштерин улантууда. Ордо калаанын 133 көчөсүнө 10 тонна туз себилген.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ордо калаанын жолдорун кардан тазалоого 39 атайын техника жана 771 жумушчу тартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолду тазалоого таңкы саат 4:00дө чыгып, азыр да иштерин улантууда. Ордо калаанын 133 көчөсүнө 10 тонна туз себилген.
«Шаарды кардан тазалоого 39 атайын техника, 121 жүк жүктөгүч жана 650 көчө шыпыргыч тартылды», — деп айтылат билдирмеде.
Мэрия жол тазалоого байланышкан маселелер болсо же трасса боюнда тазаланбаган жерлер аныкталса, шаардыктар 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып же 1840 жана 1850 кыска номерлерине чала аларын белгиледи.