Домой Без рубрики Талант Жумабаев: 2021-жыл жаңы тенденциянын башталышы катары аяктап жатат

Талант Жумабаев: 2021-жыл жаңы тенденциянын башталышы катары аяктап жатат

68

ММКларга президенттин жылды жыйынтыктагандагы цифраларды, так жүйөөлөрдү, жетишкендиктерди айткан сөзүнө комментарий беришүүдө. Оппозиция жалаң гана жаман жагын, ал эми бийликчил тарап жакшы гана жагын көрөөрүн айтышууда. Социалдык катмардын көпчүлүгү мурункудай эле болуп жаткандыгын айтышат. Ал эми президенттин докладында маалыматтарга цифралар, фактылар, аталыштар толтура. Ошондуктан жыйынтык чыгаруу үчүн убакыт керек. Мен ушул жерден Ален Далестин цитатасын келтире кетейин » Адамды факт, цифра жана аталыштар менен алдоого болот, бирок ал адам окуянын жүрүшүн көрүп турса алдоого мүмкүн эмес».
Өлкө башчынын шайлоо алдындагы платформасын эле алып карасак түшүнүктүү болот. Конституцияга өзгөртүү киргизип, өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген бийликтин системасын түздү. Бул нерсени жасоо үчүн мамлекеттик башкаруунун механизмин реформалады, бийликтин бутагын ийкемдүү жана чакан кылып алды. Эл өкүлдөрүнүн санын азайтты, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы бюджеттик каржылоону да кыскартты. ЖК болгон шайлоо кадимкисиндей ызы чуу менен өттү, бирок олуттуу саясий алып келген жок.
Коррупция менен болгон күрөш коомчулукту адилеттүүлүк менен камсыздоочу стратегиялык сызыктын бир бөлүгү да. Бир жылда маселени чечип жиберүүгө мүмкүн эместиги түшүнүктүү, бирок иш ордунан жылды. Бир катар чоң кызматтагыларды камакка алуулар, жумуштан бошотуулар, кызматка кесипкөйлүгүнө карап алуулар башталды. Муну танганга болбойт.
Жарды үй бүлөлөрдүн санын азайтууга аракет жасалууда. Жаңы жылдын алдында аз камсыз болгон үй бүлөлөр үчүн светке арзан тариф киргизүүгө жарлык чыгарды. Аларды салыктан бошотуп, тамак ашын көбөйттү.
Жаңы дыл алдында бизнес коомчулукту кубанткан салык кодекси белек болду. Салык органынлагылар бул кодекс бизнеске жардам берүү жана колдоо экендигин айтышты. Бирок талаш-тартыш болуп жатат. Ар бир тараптын келтирген жүйөөлөрү ынанымдуу, айрым маалыматтар боюнча бизнестин 40-60% көмүскөдө, салык төлөбөйт.
Бул коомдук көйгөйдү чечүүдө майнаптуу башкаруу, социалдык адилеттүүлүк жана таза экономика менен гана бул шартта өлкөнү өнүктүрүүгө мүмкүн. Бааны жөнгө салуу, инвестицияны тартуу, тышкы экономикалык кызматташтык, анын ичинде «Кумтөр» маселесин ушундай мамлекеттик механизм аркылуу чечилет. Садыр Жапаровдун отчётун карап туруп кылынган иштердин планы боюнча бараткандыгын билебиз.
Албетте, чечилбеген маселе чечилгенинен көп дегилечи. Бирок болгону бир гана жыл өтпөдүбү. Мамлекеттик көйгөйдүн чечилишин тарыхый көз караш менен кароого али эрте. Бирок жакшы жагына чечилген иштер талаштуу болсо да бар. Саясатка кызыккан кырнызстандыктар үчүн 2021-жыл жаңы тенденциянын башталышы катары аяктап жатат. Жок эле дегенде үмүт берет баарыбызга.