Домой Без рубрики Айгуль Мамбеталиева: «ККМди койгондон эмнеге коркосуңар, түшүнсөңөр бул силерге жеңилдик го»

Айгуль Мамбеталиева: «ККМди койгондон эмнеге коркосуңар, түшүнсөңөр бул силерге жеңилдик го»

14
Акыркы 5 күндөн бери ,интернет айдыңында болуп жаткан кызуу талаш тартыштарга оз ойумду жазбай кетсем болбочудай болуп турат.
Ага себеп,кайсы бир сайттардын чыгарган видеолору болду.
Карапайымбыз деп,калкылдап чыгып алган айтылуу Дордой соода базарынын ишкерлеринин уюуштурган митинги көпчүлүктү таң калтырып эле жатат болуш керек.
Ошондо Дордойдогулар карапайым болсо,анда ай сайын пенсиядан
пенсияга арзыбаган айлыка жашагандар кимдер?
Эгерде мамлекеттин өнүгүшүн,экономиканын көтөрүлүшүн,айлык акынын көтөрүлүшүн кааласак ,мамлекет талап кылганды да аткарганга милдетүүбүз да.
Эмнеге биз сыртка чыкканда ,ошол мамлекеттин законун сыйлап ,ар бир талабын аткарабыз да ,ал эми өзүбүздүн өлкөдө ошону аткаргыбыз келбейт.
Дордойдо жалаң эле кыргыздар соода кылбайт,ар кошкон улуттар бар.
Кытай,Дунган,Түрк эмнеге алар каршы чыгып жатышат?
Ишкерлик кылып жатышабы ,төлөшсүн налог ,мамлекет талап кылып жаткандан кийин иштейбиз десе налогду төлөп иш кылсын да ,ит жеминдей бир нерсени берип коюушуп отурушат.
Дордойго кирсен ,,оптом»деп товарын сатпаган соодагерлер эмне карапайымбы?
Дордойдун товары РФ нын чоң чоң шаарлары эле эмес булуң бурчтарына чейин кетип жатат.
Новосибирск,Красноярск,Екатеринбург, Москва деген чоң шаарларга жөнөтүп жатасыңар,анын баарын карапайым адам жасай албайт.
Карапайымбыз дегенден уялгыла!
Кудайга шүгүр элесиңер.Өз үйүңөрдө өлөң төшөгүңөрдө ,Мекениңерде иштеп ,балдарыңардын маңдайында жыргап куунап эле жашап жатасыңар.
Тойлогондо тойлоп,ойногондо ойноп өз жериңерде жүрөсүңөр,ошондуктан мамлекеттин өнүгүшүнө да салымыңарды кошкула,өзүңөрдү эле ойлоп,чөнтөгүңөрдү эле кампайтып ,элди бийиктен карап өзгөчөлөнбөй.
ККМ ди койгондон эмнеге коркосуңар эгер,доходуңар чектен ашпаса?
Эгер түшүнсөңөр,бул силерге жеңилдик.
Мисалы патентке бир айда 4 миңден төлөсөңөр,бир жылга 48 миң төлөп жатасыңар.
Эгер ККМ койсоңор 17 миң эле төлөп калып жатпайсыңарбы,эгер доход чектен ашпаса
,ошондо17 миңди 12 айга бөлсөңөр 1416,төлөп каласыңар да ал эми чектен ашса канча бир эле %угушумча 2%төлөйт экенсиңер ,ал акча силердей болгон чоң соодагерлерге болбогон эле акча да.
ККМ ди мамлекет коюуп берет деп жатышат,болгону соодагерлер (за обслуживание) анча мынча төлөйт экенсиңер,бул деген аябай эле жеңилдик.РФ да иштегендер аппаратты өзүбүз сатып алып койдук 45 миңге,майда чүйдөсү менен 50 миңден ашты.
Налогтон айтылды ,болду ,чуркап барып алдык,кынк дегенге акыбыз да жок экен.
Бул жерде өзүңөр эле эмес,ошол эле Кытайды,Дунганды,Түрктү ,сырттан келип жаткан соодагерлердин да налог төлөшүнө тоскоолдук жаратып жатасыңар.Сооданы дүңүнөн кылган мына ошолор.Фуралаган товарды сатышат да ,болбогон бир аз акчага патент төлөп коюушат.
Качанкыга чейин эле эшек жайлоо деген закон менен иш жүргүзөбүз.
Мамлекет да биринчиден өздөрүнүн чиновниктеринен башташ керек,өткөндөгү декларациядагы доходдорун жашыргандай ,бармак басты көз кысты кылбай,эгер ошондой болсо анда кыйратабыз деп кыйкырбай эле коюушсун!