Домой Жаңылыктар Кара-Кечеде көмүр берүү 27-декабрдан баштап токтоп, 2022-жылдын 10-январынан кайра бериле баштайт

Кара-Кечеде көмүр берүү 27-декабрдан баштап токтоп, 2022-жылдын 10-январынан кайра бериле баштайт

29

Кара-Кечеде кесек көмүрдү берүү 27-декабрдан баштап токтотулат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Ишкананын билдирүүсүнө караганда, ЖЭБке көмүр токтоосуз негизде берилет.
«Кесек көмүр 2022-жылдын 10-январынан баштап кайрадан бериле баштайт. Ага чейин көмүрдүн жаңы катмарын ачуу жана тазалаоо иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, быйыл 2021-жылы 4 айдын ичинде (сентябрь-декабрь) жарым миллион тонна көмүр казылып чыгарылды.