Домой Жаңылыктар Соодагерлер өкмөттүн чечимине каршы чыкты

Соодагерлер өкмөттүн чечимине каршы чыкты

7

“Дордой” базарынын соодагерлери контролдук кассалык машинаны (ККМ)колдонууга каршылыгын билдирип чыгышты. Алар бул чечим жокко чыгарылбаса, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кыла турганын айтып жатышат. Бир күн мурун ушундай эле талап менен “Таатан” соода борборунун ишкерлери акция өткөрүшкөн. Ал эми Салык кызматы кассалык машинаны орнотуу менен көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн азайтуу аракети болуп жатканын билдиришти.

Соодагерлердин каршылыгына кабылган бул кадамдар жаңы Салык кодексинин алкагында ишке кирүүдө.

Соодагерлердин талабы

22-декабрда Бишкек шаарындагы «Таатан» соода борборунун соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, контролдук кассалык машинаны (ККМ)колдонууга каршы экенин билдиришти. Алар Салык кызматынын инспекторлору кассалык аппарат колдонбогону үчүн айыппул салып жатканын айтып, мурдагыдай эле патент ыкмасы менен иштөөнү талап кылышууда. Ак үйдүн алдына чогулган соодагерлердин бири Фархад Жолдошбек уулу мындай деди:

“Жаңы эрежелердин зыяны элге тиет. Анткени булар салыкты көбөйтүп жатышат. Биз да чыгымдарыбыздан тышкары акча табышыбыз керек. Жыйынтыгында товардын баасы көтөрүлөт. Кымбатчылык ушундан улам пайда боло берет. Биз канча жылдан бери патент менен иштеп келе жатабыз. Ушул эле ыңгайлуу”.

Контролдук кассалык машинаны орнотууга “Дордой” базарынын соодагерлери дагы каршы болуп жатышат. Биз менен байланышка чыккан Ынтымак Бейшенбек уулу айына 5200 сомго патент аларын, жаңы жоболор боюнча эч кабары жок экенин билдирди. Базардын соодагерлери жаңы Салык кодексин ишкерлерге болгон басым катары кабыл алып жатышат. “Дордойдун” сатуучулары эгер талаптары аткарылбаса, мөөнөтсүз митингге чыгарын билдиришти.

“Дордой” базарында 10 миң соодагер болсо, анын баары кассалык машина колдонууга каршы. Мен тааныгандын бири дагы макул болгон жок. Анткени жаңы салык кодексин кабыл алаардан мурун биз менен талкуулашкан жок. Кеңешип койгон киши болбоду. Азыр соодагерлер алдыда эмне болорун билбей отурабыз. Ансыз деле “Дордойдогу” соода мурдагыдай эмес. ККМ кошумча чыгымдарды жана башка көйгөйлөрдү алып келет”, — деди соодагер Ынтымак Бейшенбек уулу.

Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат. Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъектилерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу каралган. Бирок алар онлайн кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонушу керек.

Салык кызматынын жообу

Мыйзамга ылайык, Бишкек жана Ош шаарындагы ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга жооп берген контролдук кассалык машиналарды орнотууга милдеттендирилген. Ал эми 20 метр чарчыга чейинки аянтты ээлеген соода түйүндөрү 2022-жылдын 1-апрелине дейре кассалык машиналар менен иштеп калышы керек. 2023-жылга чейин Кыргызстандагы болгон соода жайлары кассалык машиналар менен иштөөгө өтөт. Ага макул болбогондор 23 миң сомго чейин айып пулга жыгылат.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов контролдук кассалык машиналарды орнотуунун себебин мындай түшүндүрдү:

“Контролдук кассалык машинанын (ККМ) пайдалуу жактары көп. Биринчиден, кайсы бир товарды Кыргызстанга киргенден баштап жөнөкөй дүкөндөн сатылганга чейин көзөмөлдөп турса болот. Андан тышкары сатып алуучуга дагы ыңгайлуу. Анткени сапатсыз товарды чекти көргөзүү менен кайтарып бересиз. Эң башкысы бардыгы көзөмөлдөнүп, кимдин салыктан бошотула турган 8 миллион сомдон ашып жатканы көрүнүп турат. Ошол эле учурда ишкерлер салыктан кача албай калат. Мындан тышкары, кассалык аппаратты колдонуу ишкерди кассалык отчеттордун бүтүндөй комплексин даярдоодон куткарат. Жалданма кызматкерлери бар субъект жеке кабинети аркылуу кызматкерлерди алыстан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот”.

Салык кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 29 миң 87 ККМ колдонулуп жатат. Мекеме контролдук кассалык машиналардын аппараттык жана программалык эки түрү колдонулуп жатканын билдирет. Экинчисин тандаган ишкерлерге контролдук кассалык машинанын программасы бекер орнотулуп берилет, ишкер болгону чек чыгаруучу принтерди гана сатып алышы керек. Ошол эле маалда 2331 пилоттук ККМ соода түйүндөрүнө бекер орнотулуп, дагы Орусиядан 30 миңди алып келүү пландалып жатыптыр.

Экономика министри Данияр Амангелдиев ушундай жол менен көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн азайтуу пландалып жатканын айтат. Анын пикиринде, жакында ишке кире турган Салык кодекси абдан адилеттүү. Анткени майда ишкерлер аз, ири сумманы айланткандар көп салык төлөйт.

“Эл аралык уюмдардын эсеби боюнча, биздеги көмүскө экономиканын көлөмү 40% аша турганы айтылып келет. Анын так санын айтыш аябай эле кыйын да. Эми биздин аракеттерден улам 10-20% чейин түшөт деп эсептеп жатабыз. Азыр нааразы болуп жаткан ишкерлердин көбү түшүнбөй жатат. Мисалы бир дүкөн 5 миң сомго соода кылса, аны 365 күнгө көбөйтсөк 1 млн. 800 миң сомдун айланасындагы сумма чыгып жатат. Демек бул киши салык төлөбөйт. Анткени соодасы 8 млн. сомго чейин чыкпаган ишкерлерлерге жеңилдик берилген да. Жада калса күнүгө 20 миң соода кылган ишкердин жылдык жүгүртүүсү 7 млн. 300 миң сомду гана түзүп жатат. Аларга жеңилдиктер бар да. Буга ири сумма айланткан ишкерлер эле каршы болуп жатат”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы — бюджетти 2022-жылы 400 миллиард, 2023-жылы 500 миллиард сомго жеткирүү экенин айткан. Ал бюджетти толтуруунун негизги булагы катары көмүскө экономикадагы каражатты алып чыгып, бажы менен салыктан көбүрөөк акча чогултууну атаган эле.

Министрлер кабинети миллиарддарды кайдан табат?

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров азыркыдай шашылыш чечимдер менен бизнести көмүскөдөн алып чыгуу оор экенин айтып жатат. Ал соодагерлердин эмне себептен контролдук кассалык машинага (ККМ) каршы болуп жатканын мындай түшүндүрдү:

“Жылдык жүгүртүү 8 миллион сомдон ашпаса салык 0 болот. Бирок андан ашса мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөш керек. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Негизи азыркы процесстен акыры өтүшүбүз керек. Мен муну колдойм. Бирок өкмөт дароо айып пул салып кыйнабай, жарым жылга чейин убакыт бериш керек. Анткени ККМ менен иштегенди үйрөнүш керек. Бул дүйнө жүзүндөгү практика. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар 5-10% кымбаттайт. Себеби өзүнүн кирешесине 12% кошумча нарк салыгын (КНС) кошот да. Буга чейин патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген”.

Элдар Абакиров мындан тышкары бул иште коррупциялык тобокелчиликтер жогору экенин айтып, муну Салык кызматына мурдагы Финансы полициясынын укуктары берилип жатканы менен түшүндүрдү.