Домой Укук Ош облусунун аймагында айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ош облусунун аймагында айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

48

Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Араван жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын начальники милициянын подполковниги С.Калыков жана РИИБдин, ЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте Араван районунун автобекетинде жана соода түйүндөрүндө жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттун айдоочулары жана жеке менчик таксисттер менен жаңы кабыл алынган Кодексттердеги айдоочуларга тийиштүү беренелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо, кыш мезгилинде кышкы дөңгөлөктөрдү алмаштыруу боюнча эскертилди. Жүргүнчүлөргө талаалап жүргөн мал жандыктарды кароосуз калтырбоону, кароосуз калган мал жандыктар жолго чыгып жол кырсыгынын келип чыгышына жол бербөө боюнча эскертилди. Келе жаткан жаңы жылга байланыштуу иш-чараларга жүргүнчүлөрдү ташууда жол эрежесин так сактап жүрүүсү, спирт ичимдиктерин ичип алып мас абалда айдабоо керектиги эскертилди.

Андан сырткары, Кара-Суу шаарында Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнүн начальниги Арабидин Акунбеков, Кара-Суу РИИБи боюнча жол кыймыл коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ кызматынын начальниги Уран Мурзалиев жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча бѳлүмчѳнүн кызматкерлери Кара-Суу шаарындагы автобекеттеги жүргүнчүлѳрдү ташыган Кара-Суу-Ош, Кара-Суу-Мѳнѳк, Кара-Суу-Куршаб, Кара-Суу-Мамажан, Кара-Суу-Кашкар-Кыштак багытындагы каттамдын айдоочуларынын арасында 2021-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнѳ кирген кодекстердеги талаптар боюнча маалымат беришип, айдоочуларды жол кыймыл эрежелерин так сактоого, транспорт каражаттарынын дѳңгѳлѳктѳрүн кышкы мезгилге ылайыктуу кылып жабдууга, жаңы жылдык салтанаттарга байланышкан иш-чаралар учурунда автоунааны спирттик ичимдик ичбей башкарууга чакырды. Иш-чаранын жүрүшүндѳ Кара-Суу РИИБдин кѳчмѳ кабылдамасы да жеринде иш алып барып, райондук ички иштер бѳлүмүнүн начальниги А.Акунбековго арыз-даттануулар менен кайрылган жарандардын арыздарын кабыл алышты. Жыл башынан бери Кара-Суу районунун аймагында 327 жол кырсыгы катталган. Бул кѳрсѳткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 85 учурга ѳскѳн. Жол кырсыгынан 51 адам каза болгон. Былтыркы жылы 46 адамдын ѳмүрү кыйылган. Жарат алгандар 618, былтыр 366 адам денелеринен ар түрдүү жараттарды алышкан. Талдоо кѳрсѳткѳндѳй, жол кырсыктары айдоочулар тарабынан жол кыймыл эрежесин сактабай ылдамдыкты жогорулатып, туура эмес озуп ѳтүү учурунда жасалган кырсыктар басымдуулук кылганы белгилүү болгон.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы